Адылбек Касымалиев расмий иш сапары менен Вьетнамга барды (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

Ханой шаарындагы "Нойбай" эл аралык аэропортунда ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки мамлекеттин желектери илинген.

"Расмий сапардын алкагында МинКаб башчысы өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жолугушат, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлат", - деп жазылат билдирүүдө.

Адылбек Касымалиев расмий визиттин алкагында өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарынын бир катар объектилерине барат, ошондой эле Вьетнамдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен болгон ишкерлердин форумуна катышат, анын жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан