Ош шаарындагы каралбай калган муниципалдык автоунаа ишканасынын бөлүштүрүү түйүнү 10 күндүн ичинде оңдоп-түзөлүп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, шаар башчысы Жеңишбек Токторбаевдин кезектеги таңкы рейддеринин биринде аталган ишкананын жетекчисине сын айтылган. Анын алкагында 10 күндүк убакыт берилген.