АКШнын президенти Дональд Трамптын уулу Украинанын лидери Владимир Зеленский тууралуу X социалдык тармагынын колдонуучусу жарыялаган постко комментарий калтырды.
"Бул жигит толугу менен психопат. Кыязы, ал жана анын достору биздин акчабызды жетиштүү уурдай алышкан жок. Андыктан ал тынчтык жөнүндө сөз кылуунун ордуна украиналык эркектерди жана балдарды өлүмгө жиберүүнү улантат", - деп келтирет чет элдик басылмалар анын жазганын.
Бирок Трамптын уулу кечээ, 5-мартта жазган комментарийин кайра дароо өчүрүп салууга жетишкен.