Касымалиев менен Вьетнамдын премьер-министринин жолугушуусунун расмий аземи болду

Ханой шаарындагы президенттик сарайда Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жолугушуусунун расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, анда эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырды. Өкмөт башчылары ардак кароолду кыдырып, бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Андан соң Фам Минь Тинь менен Адылбек Касымалиевдин эки тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушуунун алдында делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан