Мьянманын премьер-министри Мин Аун Хлаинг Орусиянын президенти Владимир Путинди "падыша" деп атады. Эки лидердин жолугушуусу 4-мартта Кремилде болгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Хлаинг Путин өлкөсүн көптөн бери башкарып келгендиктен бул ардактуу наамга татыктуу деп эсептейт.
"Менин билишимче, сиз Орусияны 5-10 жыл эмес, андан да көп убакыттан бери башкарып келе жатасыз. Сизди азыр жөн гана лидер эмес, бул өлкөнүн падышасы деп айтууга болот", - деген ал.
Мьянманын өкмөт башчысы Орусияда өзүн үйдөгүдөй сезерин айтып, Путинге 19-кылымдын эски китебин белекке берген.