АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы жаңжал Орусия менен АКШнын ортосундагы кыйыр согуш экенин моюнга алды. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде билдирген.
"Трамп муну узакка созулган, туңгуюкка кептелген жаңжал деп эсептейт. Ачыгын айтканда, бул эки державанын, Украинага жардам берип жаткан АКШ менен Орусиянын ортосундагы кыйыр согуш", - деген ал.
Рубио буга сөзсүз түрдө чекит коюлушу керектигин баса белгилеген.