“Украинские атаманы” жарым профессионалдык бокс клубу Азат Усеналиевдин салмагындагы өзбекстандык мушкер менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, клубдун курамына 52 килограмм салмакта рингге чыгып жүргөн өзбекстандык Жасурбек Латипов келип кошулду. Ал өткөн жылы Азербайжанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло, Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган.
Эске салсак, 11-январда “Украинские атаманы” жарым профессионалдык бокс клубу Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын 5-турунда Алжирлик командага каршы турат. Клубдар аралык бул тиреште Азат Усеналиев да рингге чыгат.