Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту. Өкмөттун басма сөз кызматынан билдиргендей, ал эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендигин билдирди.
"Биздин жолугушуубуз Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын тарыхында жаңы баракты ачат деп ишенем. Вьетнам биз үчүн Түштүк-Чыгыш Азия аймагындагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналат", - деди Касымалиев.
Ошондой эле ал Кыргыз-Вьетнам өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясын түзүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Фам Минь Тинь мамлекеттер ортосундагы саясий жана экономикалык диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, өз ара сооданы жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.
Алар соода, инвестиция, өнөр-жай, айыл чарба, энергетика, билим берүү, тоо-кен, туризм жана маданият тармактарындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулады. Транспорттук жана логистикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.