Түштүк Кореяда аскердик учак айылдардын бирине 8 бомба таштап, жети адам жарадар болду. Бул машыгуу учурунда болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, бүгүн, 6-мартта Пхочхон шаарындагы полигондо Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен аскердик машыгуусу болгон. Ошол учурда KF-16 истребителинен ташталган бомбалар белгиленген аймакка эмес, шаар четиндеги айылга түшүп калган. Кесепетинен бир нече имараттар жана унаалар жабыркаган.
Бир бомбанын жарылуу радиусу болжол менен футбол талаасынын көлөмүнө барабар экени, учурда окуяны иликтөө жана келтирилген чыгымды аныктоо боюнча комиссия түзүлгөнү айтылууда.