Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташып келинген 21 миң килограмм тоок эти артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлайт.
Ага ылайык, жүктү текшерүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкталган. Атап айтканда, тооктун эти маркировкаланган эмес.
Мындан улам “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык көзөмөл-өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк кайра артка кайтарылган.