Токмок шаардык Салык кызматынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б. жана жеке ишкер М.Р. кармалды.
"Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча кызматкерлери жеке ишкер Х.А.нын тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчёттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан, ошондой эле республикалык бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Бул сумма мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган адамдар №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.