Бишкек шаарында уурулукка шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-мартта милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 07:45 чамасында белгисиз адам Жал конушунда жайгашкан батирине кирип, 60 миң 250 сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү делген жаран кармалып, баш коргоо чарасы Ленин райондук сотунда каралып, ал электрондук билерик тагуу менен камактан бошотулган. Учурда тергөө иштери уланууда.