Ошто Мерседес-Бенц-180ди уурдай качкан жаран колго түштү 

Бүгүн, 6-мартта Ош шаардык милициясы калаада унаа уурдоого шектүү жаран кармалганын маалымдады.

Анда маалымдалгандай, милицияга 37 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылып, Мерседес-Бенц-180 үлгүсүндөгү унаасын белгилсиз жарандар уурдап кеткенин айткан.

Милиция шектүүнү кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Сүрөө-Таш айылында кармаган. Анын кылмыштуу аракетине тиешелүү баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Шектүү Кара-Кулжа айылынын Кара-Кочкор айылынын 29 жаштагы тургуну. Ал буга чейин Ош шаарындагы кийим сатуучу дүкөндөрдөн кийимдерди уурдагандыгы үчүн издөөдө болгон Ө. уулу Ж. болуп чыкты. Шектүү мурда 2 ирет уурулук жасагандыгы жана Таласта унаа уурдай качкандыгы үчүн сот жообуна тартылган.

Арыз ээси көлүктүн ачкычын унаанын ичине калтырып кеткени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан