Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кой уурдаган кыздар кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Сузак айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 8-февралда короосуна белгисиз адамдар, 8 баш коюн уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүмү (Мал уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары аталган райондун 1994-жылы туулган К.О. жана 2005-жылы туулган С.О. аттуу кыздары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.