Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоого ээ болду.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, өзгөртүүлөр этти сатууну иретке келтирүүгө, калктын саламаттыгын сактоого багытталган. Мыйзамга ылайык, үй жаныбарларынын эти боюнча изилдөө жана корутунду туура даярдалбаса, анда аймактык ветеринарларга айып пул салынышы мүмкүн.
Жыйында депутат Исхак Масалиев айып пулдар өтө эле көп болуп жатканын айтып, аталган мыйзам долбоору кабыл алынса айып пулдарды ким көзөмөлдөй турганына кызыкты.
"Биз акыркы учурда ушуга көп көңүл буруп жатабыз. Бир нерсе болсо эле айып пулдун баасын көтөрөбүз. Биз, тескерисинче, түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүшүбүз керек. Сиздер сунуштаган мыйзамда дагы баары айып пул. Малды туура эмес бакса ким айып пул салат? Кайсы орган көзөмөлгө алат муну?" - деди депутат.
Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын, андай кийин мыйзам бузуу аныкталса, райондук, шаардык, облустук башкармалык айып пул салганга укугу бар экенин билдирди.
Ал эми депутат Масалиев айып пулдарды бир гана сот көзөмөлгө алса туура боло турганын айтып, аталган жагдай коррупцияга жол ача турганын билдирди.