Шашылыш билдирүү! Өлкөдөгү ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө (тизме)

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, кар көчкү 7-марттан 10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул учурда унааларга 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.
Даректер:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымы (Чапчыма ашуусу), Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымы;
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110 чакырымы;
- Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымы (Талдык ашуусу);
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 98-145 чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);
- Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан