Орусиянын Вологод облусунда мигранттарга курулуш тармагына коюлган чектөө кайра алынды

Орусиянын Вологод облусунун жетекчилиги мигранттарды курулуш иштерине тартууга тыюу салган чечимин жокко чыгарат. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Бул чечимге Алексей Мордашовдун "Северсталь" компаниясы каршы чыккан. Анткени чектөө анын аймактагы инвестициялык программасына, анын ичинде темир рудасын өндүрүүчү комплексти курууга тоскоол болмок.

Айтылгандай, аталган токтомго 27-февралда губернатор Георгий Филимонов кол койгон. Ал эми жаңы тиркемеде жумуш менен камсыздоо бюросунда курулуш тармагына жергиликтүүлөрдүн келбей жатканынан улам чектөө алынганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан