“Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси Моника Спир жана анын күйөөсү, Ирландиянын жараны Томас Беррини жолдон өлтүрүп кетишти. Алардын өлүмүнөн кийин Венесуэла бийлиги өлкөдө коопсуздук чараларын күчөттү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Моника Спир эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине жолдошу жана 5 жаштагы кызы менен эс алууга келген. Полиция кызматкерлери алардын киши колдуу болуп каза табышканын айтышты. Алар машинадан жубайлардын жансыз денесин жана октон жаракат алган кызын табышкан. Бутунан жаракат алган кыз ооруканага жеткирилген.
Окуя Пуэрто-Кабельо жана Валенсия шаарларынын ортосунда болуп өткөн. Божомолдоолорго караганда, жубайлар унаасынын бир жери бузулганынан улам токтоого аргасыз болушкан. Ошол учурда аларга эргулдар кол салышкан. Жубайлардын бири каршылык көрсөткөндө, алар ок чыгарышкан.
Белгилей кетсек, 29 жаштагы Моника Спир акыркы жылдары АКШда жашап, испан тилиндеги "Телемундо" каналында иштеп келген.