Орусиянын президенти Владимир Путин АКШга жаңы элчи дайындады. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, өлкөнүн Түндүк Атлантикадагы департаментинин директору Александр Дарчиев Орусиянын АКШдагы элчиси болду. Путин кол койгон документке ылайык, Дарчиев элчинин ишин Вашингтондогу Америка мамлекеттеринин уюмундагы туруктуу байкоочу кызматы менен айкалыштырат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, америкалык тарап 27-февралда Стамбулда эки өлкөнүн дипломатиялык делегацияларынын жолугушуусунда Дарчиевдин АКШга элчи болуп дайындалышы боюнча макулдугу бар нотаны тапшырган. Ошол эле маалда Дарчиевдин жакында АКШга жөнөп кетери кабарлангандыгы маалыматта кошумчаланган.