Түштүк Кореяда аскердик машыгуу учурундагы кырсыкта жаракат алгандардын саны 15 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.
Басылмада жазылгандай, алардын ичинен экөөнүн абалы оор.
"Кырсыктан жаракат алгандардын саны 15 адамга жетти. Алардын ичинен экөө оор жаракат алышкан" деп жазды "Чосон Ильбо" басылмасы.
Ал эми Yonhap басылмасы кырсыктан сегиз имарат, оор жүк ташуучу унаа зыянга учураганын жазды.
Бүгүн, 6-мартта Пхочхон шаарындагы полигондо Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен аскердик машыгуусу болгон. Ошол учурда KF-16 истребителинен ташталган бомбалар белгиленген аймакка эмес, шаар четиндеги айылга түшүп калганы маалымдалган.
Түштүк Кореянын Аскердик аба күчтөрү окуя үчүн кечирим сурап, компенсация төлөп берүүнү убадалаган.