Бишкекте эми таштанды контейнерлеринин жанына туура эмес токтотулган унаалар мажбурлоо жолу менен эвакуацияланып, ээлерине айып пул салынат. Бул туурасында бүгүн, 6-мартта мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, буга байланыштуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана шаардык Кайгуул кызматынын өкүлдөрү катышкан рейддик иш-чара Көк-Жар кичи районундагы көчөлөрдө өттү.
Анын жыйынтыгында протоколдор түзүлүп, 9 унаа эвакуацияланып, айып короого жеткирилди.
Мэрия мындан ары таштанды төгүүчү жайларга унаа токтотууга каршы рейддер туруктуу негизде өткөрүлө тургандыгын эскертти.