ХАМАС Трамптын билдирүүсүнө эскертүү кылды

АКШнын президенти Дональд Трамптын акыркы билдирүүсү Газа тилкесиндеги ок атышпоо келишимине байланыштуу кырдаалды бир топ татаалдатышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү ХАМАС кыймылынын өкүлү Хазем Касем жасаганын ТААС агенттиги жазды.

"Трамптын коркутуулары ок атышпоо келишиминин айланасындагы кырдаалды татаалдантат жана Израилди аны аткарбоого үндөйт", - деген ал.

Касем АКШнын администрациясын Израил бийлигин жетишилген келишимдин экинчи этабы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону көндүрүүгө чакырган. Ал кыймыл биринчи этаптагы бардык шарттарды аткарганын, ал эми Тель-Авив экинчи этапты баштоодон качып жатканын белгилеген.

Бир күн мурун Трамп ХАМАСтан израилдик барымтадагылардын баарын дароо бошотуп, анклавды таштап чыгып кетүүнү талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан