
Бүгүн, 6-мартта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси
Руслан Казакбаев менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары
Айше Беррис Экинжи менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттердин, жолугушуулардын графиги деталдуу каралды. Мындан тышкары биргелешкен иш-чаралардын пландары, анын ичинде Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуусунун алкагындагы иш-чаралар талкууланды.