Бүгүн, 7-март саат 06:30дан тартып Бишкек–Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Маалымат боюнча, Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жол тайгак болуп жатат. Ага байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында убактылуу тыюу салынган.
Учурда жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.