Бишкекте үч күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт (дареги)

Бишкекте 7-8-9-март күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продуктуларынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Иш-чара саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Жарманке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге шаар тургундарына азыктарды дүң баада сатуу максатында уюштурулду.

Иш-чара борбордун Түгөлбай ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышса болот: 0702 702 000.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан