Наполеонго таандык Франциянын Жарандык кодексинин көчүрмөсү аукциондо сатылды

Парижде Наполеон Бонапартка таандык Франциянын Жарандык кодексинин көчүрмөсү аукциондо сатылды. Бул тууралуу "Tajan" аукцион үйүнө таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалым болгондой, кодекстин көчүрмөсү 6-мартта өткөн акциондо 395 миң еврого сатылган.

"Бүгүнкү күнгө чейин велен кагазына жазылган кодекстин дагы төрт түп нускасы сакталып калган. Бул нуска өзгөчө кызыктуу, анткени ал жалгыз гана жеке колдо болгон жана дээрлик эки кылым бою бир эле үй-бүлөгө таандык болуп келген. Учурда анын ээси – Наполеондун резиденциясы жайгашкан Сен-Клу сепилинин мурдагы башкаруучусу Этьен Шарвенин мураскорлору", - деп жазылат маалыматта.

Tajan аукцион үйү белгилегендей, бул китеп алгач сепилдин китепканасында сакталган, андан кийин Шарве үй-бүлөсүнүн үйүнө өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан