Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана алдын алуу багытында атайын жыйын болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлады.
Жыйынга дин кызматерлери жана Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери катышты. Анда имамдарга коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, кылмыштардын алдын алууда адамдын жүзүн тааныган камераларды коюу зарыл экендиги айтылды. Ошондой эле адамдын жүзүн тааныган камералардын артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Жыйындын соңунда адамдын жүзүн тааныган камералар алгач жума намазы окулган чоң мечиттерге коюла турган болду.
Жалал-Абад шаарында 5 жума мечит:
“Достук” мечити;
“Азирети Хизир” мечити;
“Насирдин-Ата” мечити;
“Азирети Аюб” мечити;
“Билал” мечити.
Сузак районунан 3 жума мечит
“Абу Ханифа” мечити;
“Сузак” мечити;
“Чынар” мечити.