UFC боюнча кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону Валентина Шевченко 37 жашка толду 

Бүгүн, 7-мартта UFC боюнча кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону, кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко 37 жашка толду.

Ал 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Атасы Анатолий Шевченко, Тынч океан флотунун кызматкери, ал эми апасы Елена Шевченко Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргызстандын Тай бокс федерациясынын президенти болгон. Ошондой эле эжеси Антонина Шевченко дагы ушул жолду тандаган. Ал муай-тай, аралаш мушташ менен машыгат жана сокку уруунун ар кандай түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону.

Валентина Шевченко Бейшеналиева атындагы искусство институтунда режиссёрлук адистиги боюнча билим алган. Ал UFCдеги дебютуна чейин кикбоксинг жана тай боксу менен машыгып, дүйнөлүк чемпиондуктардан көптөгөн сыйлыктарды алган.

Валентина 5 жашынан тарта ар түрдүү спорттун түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны октон күлүк, темирдей катуу кылып тарбиялап чыккан.

Спортчу жаш кезинде Орусияда жашап, Москвада бир нече жыл машыгуудан өткөн, бирок кийинчерээк Перуга чакыруу алып, машыгуусун ошол жактан уланткан.

Ал 12 жашында биринчи профессионалдык беттешин өткөргөн, анын атаандашы 17 жашта болгон. Валентина 14 жашында аралаш мушташ боюнча дебют жасаган. Ал эми 15 жашында 25 жаштагы атаандашы менен рингге чыккан. Кикбоксинг жана муай-тай боюнча турнирлерде Шевченко 16 дүйнөлүк чемпиондук наамга ээ болгон.

Валентина мушкер болуудан тышкары көптөгөн өнөрлөрдун ээси. Алардын бири – ок атуу, мушкер айым ок атуу менен олуттуу машыгып, дүйнө чемпиондуктарында байгелүү орундарга ээ болгон. 2013-жылы, Перуда өткөн күжүрмөн тапанчадан ок атуу боюнча мелдеште экинчи орунду ээлеген. Кийинчерээк улуттук чемпиондукта коло медалга ээ болгон. Ошондой эле спортчу айым бий менен дагы алектенет.

Валентина Шевченко өзүнүн жеке жашоосу тууралуу көпчүлүк учурда ачык айтпайт. Ал турмушка чыга элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан