Казакстандын Алматы аэропортунда жүргүнчү имараттын ичиндеги кызматкерди бычак менен коркутуп, барымтага алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Андагы маалыматка караганда, окуя бүгүн, 7-мартта саат 11:45 чамасында болгон.
"Авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери кишиден документтерди көрсөтүүнү талап кылганда, ал кызматкердин чачынан тартып, бычак менен коркута баштаган", - деп айтылат маалыматта.
Ал полиция жана күзөт кызматы тарабынан куралсыздандырылып, кармалган. Азыркы учурда бул боюнча укук коргоо кызматкерлери иш алып барууда.