Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Вьетнамдагы иш сапарынын алкагында Вьетнамдын бизнес-коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага ар кандай тармакта иштеген ишкер чөйрөлөрдүн 70ке жакын өкүлү катышкан. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн перспективалары, инвестицияларды тартуу, ошондой эле экономиканын ар кыл тармактарындагы биргелешкен долбоорлор талкууланган.
"Өкмөт башчы кыргыз тараптын Вьетнам менен экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдарлыгын баса белгилеп, Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Мындаш тышкары Касымалиев айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, анын ичинде гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, туризм жана туристтик кластерлерди түзүү, маалыматтык технологиялар жана санариптик тармактарда Кыргыз-Вьетнам өнөктөштүгүн кеңейтүү үчүн чоң потенциалды белгилеген.
Ошондой эле Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Таалайбек Иманов жана Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөнүн энергетикалык потенциалы жана негизги энергетикалык долбоорлор жөнүндө баяндама жасаган.