АКШда Москвадагы "Крокус Сити Холл" соода борборундагы терактка террорчуларды даярдаган деген шек менен "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюмунун мүчөсү Мохаммад Шарифулла кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган жаран 2021-жылы Кабулдагы 13 америкалык аскердин жана бир нече жай тургундун өмүрүн алган жардырууну уюштурган шектүүлөрдүн бири экени айтылды.
Тергөөнүн жүрүшүндө ал "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюмунун лидеринин буйругу менен Москвадагы кол салууну даярдап жаткан адамдарга куралдарды колдонуу боюнча видео көрсөтмөлөрдү бергенин моюнуна алган. Ошондой эле Мохаммад Шарифулла орус бийлиги каммакка алган эки шектүүнү терактка даярдаганын билдирген.
Белгилей кетсек, былтыр 22-мартта Орусиянын Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.