Адылбек Касымалиев Вьетнамдын биринчи президентинин үйүнө барды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен бирге президенттик сарайдын аймагында жайгашкан тунгуч президент Хо Ши Мин атындагы мемориалдык комплекске барышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, алар 1958-жылдын майынан 1969-жылдын августуна чейин өзү жашаган жана иштеген Хо Ши Миндин үйү менен таанышты.

"Үй-музейге баруу Касымалиевдин эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган расмий сапарынын маданий программасынын бир бөлүгү, ошондой эле Вьетнамдын тарыхый мурасын жана Хо Ши Миндин өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөштөгү көрүнүктүү ролун урматтоонун символу болуп калды", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчыларын улуттук лидердин өмүрүн жана ишмердүүлүгүн чагылдырган экспонаттар менен тааныштырышты. Касымалиев комплекстин ардактуу меймандары китебине жазуу калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан