Достуктун тургундарына копол мамиле кылган Баткен облусунун жетекчисине президент эскертүү берди (видео)

Бүгүн, 7-мартта мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалымдалгандай, анын себеби облус жетекчиси Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашуусу болгон.
"Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи. Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Айбек Шаменов Достук айылынын тургундары менен жолугушуу уюштуруп, айылды көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйында ал кызматтык этиканын эрежесин бузуу менен тургундардын суроолоруна жооп берген. Бул видео социалдык баракчаларга тарап, элдин нааразычылыгын жаратты.
Баткендин губернаторунун Достук айылынын эли менен жолугушуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан