Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев баштаган жетекчилерге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 66, 70 жана 71-беренелерине, өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 54-пунктунун “а” пунктчасына ылайык төмөнкүлөргө эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулат:
– Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Салиев Алмаз Абдылдаевичке;
– Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кимсанов Улан Ашимовичке;
– “Ош” бажысынын башчысы Кожонов Тимурлан Акуновичке;
– “Нарын” бажысынын башчысы Алимов Нурбек Шакировичке.