Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта Бишкектеги Имам Сарахсий атындагы борбордук мечитте намаз окуп, чогулгандарга ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Өлкө башчысы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, руханий жактан бекемдикти жана баардык жакшылыктардын кабыл болушун каалап, биримдиктин, боорукердиктин жана өз ара жардамдашуунун маанисин баса белгиледи.
“Кудай баарыбыздын тилегибизди кабыл кылсын, калкыбыздын баардыгынын көкүрөгүнө ыйман толтурсун. Элибиздин ырыскысын мол кылсын. Мамлекетибизде тынчтык болсун”, - деп белгиледи президент.