Нью-Йорк штатында өрткө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди 

АКШнын Нью-Йорк штатынын бийлиги шаарга жакын жердеги токой өртүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Лонг-Айлендде катуу өрт чыгып, мындан улам Нью-Йорктун четинде жашагандарга коркунуч туудурган. Аталган аймакта Стивен Спилберг, Алекс Болдуин, Женнифер Лопес сыяктуу атактуу адамдар жашай турганы айтылууда.

Ал эми Нью-Йорк штатынын губернатору Кэти Хокул өзгөчө кырдаал жарыялап, кырдаал курчушу мүмкүн экенин эскерткен.

АКШнын Улуттук гвардиясы буга чейин өрт менен күрөшүү үчүн төрт тик учак алып келишкен. Учурда Нью-Йорк штатында өрттүн кесепетинен айрым жолдор жабылып, тургундар үйлөрүн таштап кетип жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан