"Бышкан ашка сынчы көп". Президент МИКти сындагандарга жооп берди

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) саясаты жөнөкөй жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого багытталганын баса белгиледи.

Өлкө башчысына Жогорку Кеңештин депутаттары МИК берген насыя батирдин чарчы метрине коротулган каражаттан кымбатыраак болуп жатканын айтып чыгышканы боюнча суроо узатылган. Ал Мамлекеттик ипотекалык компанияга сын айткандарга жооп берди.

"Бышкан ашка сынчы көп" дейт кыргызда. Же, балким, түшүнбөстүк менен сындап жатышкандыр. Мен депутаттар үчүн эле эмес, жалпы коомчулук үчүн дагы түшүнүктүү болуш үчүн ийне-жибине чейин чечмелеп берейин. Мындан кийин сындагандар болсо аларды түшүнүп туруп эле тескери сүйлөгөндөр деп билсек болот.

Же шектүү шекшинет деген кеп. Мурдагы чоңдордой чөнтөккө иштеген заман жок. Ал заманды унутуш керек. МИКте ким жеке кызыкчылыктарын көздөсө жазаланат. МИК өзү курулуш кылбайт. Өзү курулуш кылса дайынын таппай калат же бара-бара банкрот болушу мүмкүн. Курулуш өтө оор жана майда-чүйдө иштери көп. Ошондуктан МИКти курулуш менен алек болууга тыюу салганбыз. Албетте, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде курса болот. Бирок ошондо дагы курулушту толук бүтүрүү жоопкерчилигин жеке компаниянын моюнуна илиш керек", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал учурда МИК “Кыргызкурулуш” мамлекеттик компаниясы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту толук бүтүргөнгө келишим түзүп, үйлөрдү салдырып жатканын белгиледи.

"Мисалы, Чүй облусу жана Бишкек шаарында үйлөр бир чарчы метри 650 доллардан курдурулуп жатат. Ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында болсо 700 доллардан курдуруп жатышат. Себеби бул аймактарга арматура жана башка курулуш материалдарын Бишкектен ташып барышат. Ошол үчүн бул аймактарда бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак.

Бул суммага жеке ири курулуш компаниялар макул болбой коюшуп, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик компаниясы менен куруп жатабыз. Дагы 2-3 жеке компанияга суранып жатып курулуш иштерин тапшырдык. Анткени ири курулуш компаниялары "под ключ" 1000 доллардан кем эмес курабыз деп баш тартышты", - деген мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан