Нарын районундагы Кара-Кужур–Солтон-Сары унаа жолунун 43-чакырымында бороондо калган жарандарга жардам көрсөтүлдү.
ӨКМден билдиришкендей, кечээ, 9-мартта кар жаап, бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, жолдо 7 оор жүк ташуучу унаалар туруп калган. Жерине Кочкор райондук ӨКБдан 3 куткаруучу, Солтон-Сары алтын кен комбинатынан 3 жүктөгүч тартылган.
Бүгүн саат 05:30да кар күрткү толук тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz (1 спринтер, 1 сапог) үлгүсүндөгү унаалар чыгарылган. Алар өз багыттары менен жолун улаганы кошумчаланды.