Америкалык миллиардер, SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Украинаны "Starlink" спутниктик интернет тутумунан ажыратса, Украинанын фронту кыйрай турганын билдирди. Бул тууралуу ишкер Х социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Менин "Starlink" спутниктик интернет системам украин армиясынын таянычы болуп саналат. Мен аны өчүрүп койсом, алардын бүт фронту кыйрап калат", - деп жазган ал.
Ошондой эле Маск "Starlink" системаларын Украинада эч качан өчүрбөй турганын кошумчалай кеткен.
Мындан сырткары ишкер согуштун чечүү жолун атап, ал үчүн Украинадагы эң бай он адамга санкция киргизүү керек деген пикирин билдирген.
"Украинанын эң бай 10 адамына, айрыкча Монакодо хан сарайлары барларга санкция киргизүү керек. Чатак заматта токтойт. Маселени чечүүнүн жолу ушунда", - деген ал.