Люксембургдун 22 жаштагы ханзаадасы каза болду

Люксембургдун ханзаадасы Фредерик сейрек кездешүүчү генетикалык оорудан улам 22 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ханзаада 1-мартта каза болгон. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрү араң сүйлөп калган.

Ата-энесинин айтымына караганда, Фредериктин абалы акыркы жумаларда өтө начарлап, ал кыймылдай да албай калган.

"Жума күнү, 28-февралда сейрек кездешүүчү оорулардын күнү, ал күнү сүйүктүү уулубуз акыркы жолу сүйлөшүү үчүн бизди бөлмөсүнө чакырды. Уулум акыркы күчүн топтоп ар бирибиз менен коштошуп чыкты", - деп билдирген анын атасы.

Фредерик сейрек кездешүүчү POLG оорусу менен жапа чегип келген. Аталган оорунун диагнозу ага 14 жашында коюлган. Оору бир нече органдарга, биринчи кезекте мээге, нервдерге, булчуңдарга жана боорго таасир этет. Мындай оору дүйнөдө 10 миңден адамда бир кездешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан