Аргентинанын президенти өлкөсүндө үч күндүк аза күтүү жарыялады

Аргентинанын президенти Хавьер Милей Буэнос-Айрес провинциясынын түштүгүндө болгон суу ташкынында каза тапкандарга байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыялоо чечимин чыгарды.

"Президент Хавьер Милей өткөн жума күнү Баия-Бланка шаарында жана анын айланасында катуу селден каза болгон мекендештери үчүн үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялайт", - деп айтылат президенттик аппараттын билдирүүсүндө.

Бийлик 7-мартта катуу жааган жамгырдан улам Баия-Бланка шаарында жана анын чет жакаларында суу ташкындары болуп, кеминде 16 киши набыт болгонун, 963 адам эвакуацияланганын маалымдады. Сел учурунда дайынсыз жоголгон эки баланы издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан