
Республикада бир жума ичинде
(3-9-март) 23 266 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 701;
- Мас абалында – 108;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 87;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 291;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3410;
- Автоээнбаштык – 10;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4174;
- Жалган мамлекттик номур менен унаа башкаруу – 3;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 14 482.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2561 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.