"Хоккейдегидей эле жеңет". Канаданын жаңы премьер-министри Трамптын коркутууларына жооп берди

Канаданын өкмөтүн жетектей турган Марк Карни өлкө эч качан АКШнын курамына кирбей турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Америкалыктар биздин ресурстарыбызды, суубузду, жерибизди, өлкөбүздү каалашат. Эгер алар ийгиликке жетсе, биздин жашоо образыбызды жок кылышмак. АКШ Канада эмес. Канада эч качан Американын бир бөлүгү болбойт. Биз бул талашты баштаган жокпуз. Соода да, хоккейдегидей эле, Канада жеңет", - деген ал.

Марк Карни январда отставкага кетүү ниетин билдирген премьер-министр Жастин Трюдонун ордуна келет. Ал башкаруучу Либералдык партиясынын лидерлигине болгон шайлоодо жеңип чыкты.

Белгилей кетсек, АКШынын президенти Дональд Трамп Канадага Кошмо Штаттардын 51-штаты болуп кошулууну сунуштап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан