Бишкекте милиция кызматкерлери "Притон" аталышындагы алдын алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери интимдик кызматтарды көрсөткөн кыздарды аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү. Анын жүрүшүндө сауналар, мейманканалар, батирлер текшерилди. Жыйынтыгында райондук ички иштер башкармалыктарына интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 171 кыз жеткирилди.
Алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жана тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Ошондой эле рейд учурунда Укук бузуулар кодексинин 1092-беренеси (Сойкулук менен алектенүү) боюнча 10 административдик протокол түзүлгөн.