Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев социалдык тармактарда Бөкөнбаев—Барскоон жолун жасаган жолчулар 3 айдан бери айлыктарын ала албай жатканын айтып чыгышканы боюнча үн катты.
“Кабар” агенттигине курган маегинде министр ал маалымат боюнча кабары бар экенин айткан.
"Буга байланыштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына ыкчам түрдө комиссия түзүүнү тапшырдым. Маселени жеринен чечүү жана аныктоо иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет. Айтып кетчү жагдай, министрликтин алдындагы Жол тейлөө ишканалардын бардыгы өзүн-өзү каржылоо системасынын негизинде иш алып баргандыктан анда иштеген кызматкерлерге айлык акылар аткарган жумушунун көлөмүнө жараша төлөнөт. Деген менен министрликтин коллегиясында тиешелүү жетекчилерге маяна өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей берилсин деген талап койгом", - деди Сыргабаев.