Токмокто кафеге уурулукка кирген киши мас болуп уктап калып, колго түшүп калды (видео)

Токмок шаарында кафеге уурулукка кирген киши жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 9-мартка карган түнү "Бакыт" кафесинин терезесин сындырып кирип, видеокөзөмөлдөрүн талкалап, зер буюмдарды жана башка мүлктөрдү уурдоого аракет кылган. Бирок спирт ичимдигин ичип алып, диванга уктап калган. Кафенин ээси милицияга арызданып, 150 миң сом зыян тартканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоого аракет жасоо" жана "Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу" беренелери менен кылмыш иш козголду. Тергөөдө ал түнү кафенин сигнализациясы иштеп, жерине барган күзөтчүлөр кафенин терезеси сынганын көрүшкөнү, алар кафенин ээси келгенде чогуу ичкери киришип, мүлктөрдү уурдоого аракет кылган киши мас абалда диванда уктап жатканын көрүшкөнү белгилүү болду.

Шектүү делген 41 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда соттолгону аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

10.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан