Лебединовкадан ГЭС-5ке чейинки жол 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка—ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу транспорт министри Абсаттар Сыргабаев “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, жолдун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт.

"Аталган жолду реконструкциялоо "Жол коопсуздугу" техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынып долбоорлоштурулган. III категориядагы 2 тилкелүү жолдун техникалык абалын жакшыртуу максатында 4 тилкелүү II категориядагы жол куруу каралган. Реконструкциялоонун жүрүшүндө 2 көпүрө курулат. Алардын бири – учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү, ал эми экинчиси – жөө жүргүнчүлөр үчүн өтүүчү көпүрө.

Мындан тышкары негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жолду куруу пландалууда. Учурда жол жээгиндеги бактарды кыюу иштери башталды. Кыйылган дарактардын ордуна 20 пайызга кɵп дарактар отургузулат. Долбоор белгиленген убакыт аралыгында, 18 айдын ичинде толугу менен колдонууга берилиши керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан