SUPER.KG порталынын бул жолку коноктору жылдыздуу түгөйлөр, алып баруучулар Максат Довранов жана Алтынай Манасбекова болушту. Жубайлар үй-бүлөлүк жашоосу, алдыдагы пландары тууралуу кеп курушту.
"Кызыбыз төрөлгөндөн кийин Алтынай экөөбүздө блогерлик тармагында бир аз тыныгуу болду. Себеби кызыбыз кичине ыйлаак болуп калды. Эми кызыбызга 3-4 ай болуп, ыйлабай, кичине таенесине көнүп калды. Продюсерибиз менен кеңешип блогерлик жумушту кайра өркүндөтөлү деген оюбуз бар.
Азыр чоң долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Канат Култаев менен жаңы долбоор баштап, теледе жакшы бир үй-бүлөлүк телеберүүнү алып барууну пландап жатабыз", - дейт Довранов.
Маекти толугу менен порталыбыздын Ютуб каналынан көрүңүз.
Белгилей кетсек, жубайлар 2023-жылдын июнь айында баш кошкон. Учурда түгөйлөрдүн бир кызы бар.