Президент Кызыл-Кыя шаарына жаңы мэр дайындады

Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп Алтынбек Бектуров дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

"Бектуров Алтынбек Жунусович Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан