Түндүк Корея Сары деңизди көздөй бир нече баллистикалык ракета учурду. Анын чоо-жайы азырынча белгисиз. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал эми Түштүк Кореянын штаб башчыларынын бириккен комитети көзөмөлдү күчөткөнүн, күжүрмөн даярдыкта экенин жана америкалык аскерлер менен тыгыз кызматташып жатканын билдирди.
Пхеньян ракеталарды Сеул менен Вашингтондун машыгуулары башталганда учурду. АКШ менен Түштүк Кореянын бүгүн, 10-мартта башталган аскердик машыгуулары 20-мартка чейин уланат.